Metabo WEA 11-125 Quick Notice Originale page 134

Masquer les pouces Voir aussi pour WEA 11-125 Quick:
Table des Matières

Publicité

Les langues disponibles
  • FR

Les langues disponibles

  • FRANÇAIS, page 21
ky
КЫРГЫЗЧА
g) Бузулган иш шаймандарын колдонууга
тыюу салынат. Ар бир колдонуу алдында
жылмалоочу тегерек сыяктуу
шаймандардан кетик жана жаракаларды,
колодкалардан жаракаларды,
жешилгендигин же желип бүткөндүгүн,
зымдуу щеткалардан жумшарган же үзүлгөн
зымдардын жоктугун текшерип алуу керек.
Эгер элекр шайманы же иш шайманы кулап
түшсө, анын зыянга учурабагындыгын
текшерүү же бузулбаган шайманды
колдонуу керек. Текшерүү жүргүзүлүп, иш
шайманы ишке киргизилгенден кийин,
операторду жана анын жанындагыларды
айланып жаткан иш шайманынан алыс
кармап, шайманды бир мүнөт бою толук
ылдамдыкта иштетүү зарыл. Адатта
мандемдүү шаймандар ушул сыноо мөөнөтүндө
бузулуп калат.
h) Жеке коргоо каражаттарын милдеттүү
түрдө кийүү. Колдонулган жабдууга жараша,
бетти коргоочу беткап, көздү коргоо
каражаттарын же коргоочу көз айнек кийүү
керек. Керек учурларда чаңдан коргоочу
беткап, коргоочу наушник, коргоочу мээлей
же абразивдин жана материалдын майда
бөлүкчөлөрү колдонуучудан алыс болушу
үчүн атайы алжапкыч кийүү зарыл. Ар
кандай жумуштун натыйжасында пайда болуп,
ыргып жаткан сыныктардан көздү коргоо керек.
Чаң беткабы же респиратор колдонуу учурунда
пайда болгон чаңды чыпкалашы керек. Эгер
машинаны колдонуучулар узак убакыт бою ызы-
чууга дуушар болушса, угуу жөндөмүн жоготуу
коркунучу пайда болот.
i) Башка адамдар иш аймагынан коопсуз
аралыкта болушун камсыздоо зарыл. Иш
аймагына кирген адамдардын баары жеке
коргоо каражаттарын кийиши керек.
Даярдама материалдын бөлүкчөлөрү же
сыныктар учуп кетип, иш аймагынын сыртынан
да жаракат алуу мүмкүн.
j) Иш шайманы көрүнбөгөн электр өткөрүү
линияларына же өзүнүн кубаттоочу шнуруна
тийип кете турган жумуштарды жасап
жатканда, электр шайманын корголгон
туткасынан гана кармоо зарыл.
Инструменттин кесүүчү деталы, зымдар менен
контакт болуучу инструменттин бөлүгү аркылуу
электр инструменттин ачык металл бөлүктөрүнө
катуу күч берип, ал электр тогуна урундурушу
мүмкүн.
k) Тармак кабелин айлануучу иш
шаймандарынан алыс кармоо керек.
Шайманды башкаруу жоготулса, кубаттоо
шнуру үзүлүп же оролуп калып, колуңуз менен
айланып жаткан шайманды кармап алышыңыз
мүмкүн.
I) Иш шайманы толук токтомоюнча электр
шайманын эч качан өчүрүүгө болбойт.
Айланып жаткан иш шайманы бир нерсеге
тийип кетип, электр шайманын башкарууну
жоготууга алып келиши мүмкүн.
m) Электр шайманы оператордун ийнинде
илинип турганда аны жүргүзүүгө болбойт.
134
Айланып жаткан иш шайманына кокус тийип
кетсе, оператордун кийими оролуп калып,
шайман оператордун денесин тешип кетүү
коркунучу жаралат.
n) Электр шайманынын аба айлануучу
көзөнөгүн тез-тез тазалап туруу керек.
Кыймылдаткычтын вентилятору корпуска
чаңды сорот, ал эми металл чаңы толуп кетсе,
электр соккусун алууга себеп болушу мүмкүн.
o) Электр шайманын күйүүчү заттардын
жанында колдонууга тыюу салынат. Пайда
болгон учкундар, бул заттарды күйгүзүп
жибериши мүмкүн.
p) Муздатуу үчүн суюк каражаттарды талап
кылган иш шаймандарын колдонууга тыюу
салынат. Суу же башка муздатуучу
суюктуктарды колдонуу электр соккусуна
урунууга алып келиши мүмкүн.
4.2
Тээп кетүү жана коопсуздук техникасы
боюнча тиешелүү нускамалар
Тээп кетүү - жылмалоочу тегерек, жылмалоочу
жаздыкча, зымдуу щетка ж.б. сыяктуу айланып
жаткан иш шайманы кыпчылып же бөгөттөлүп
калганда пайда болуучу күтүүсүз реакция.
Кыпчылуу же бөгөттөлүү айланып жаткан
шаймандын дароо токтошуна алып келет.
Натыйжада, башкарылбай калган электр
шайманы бөгөттөлгөн чекиттен коюлма
шаймандын айлануу багытына каршы
ылдамдап айланат.
Эгер, мисалы, жылмалоочу тегерек кыпчылып
калса, жылмалоочу тегеректин даярдалма
материалга кирип турган чети бөгөттөлүп
калып, анын сынып кетишине же тээп кетишине
себеп болушу мүмкүн. Андан соң, бөгөттөлгөн
чекиттеги дисктин айлануу багытына жараша
жылмалама тегерек оператор тарапка же ага
карама-каршы тарапка жылат. Бул учурда да
жылмалоочу тегеректер сынып калышы мүмкүн.
Тээп кетүү электр шайманын туура эмес же
талапка ылайыксыз колдонуунун
натыйжасында пайда болот. Төмөндө
көрсөтүлгөн коопсуздук чаралары аркылуу
анын алдын алууга болот.
a) Электр шайманын бекем кармоо керек
жана оператор өз денеси менен колдорун
тээп кетүүгө жол бербегидей абалда
кармашы зарыл. Эгер кошумча туткасы
болсо, тээп кетүү күчүн же жүргүзүү
учурундагы реакция моменттерин
болушунча көзөмөлдөө үчүн, ар дайым
кошумча туткасын да колдонуңуз. Оператор
тээп кетүү жана реакция күчторүн тиешелүү
коопсуздук чаралары аркылуу көзөмөлдөй алат.
b) Колду айланып жаткан иш шаймандарына
жакын кармоого тыюу салынат. Тээп
кеткенде шайман оператордун колуна тийип
калышы мүмкүн.
c) Өндүрүүчү бул электр шайманы үчүн
атайы чыгарбаган жана сунуштабаган
тетиктерди колдонбоңуз. Тетиктердин электр
шайманына бекем орнотулушу шаймандын
коопсуз иштешине кепилдик бербейт.

Publicité

Table des Matières
loading

Table des Matières