Télécharger Imprimer la page

Philips sonicare 3000 Serie Mode D'emploi page 454

Masquer les pouces Voir aussi pour sonicare 3000 Serie:

Publicité

Les langues disponibles
  • FR

Les langues disponibles

  • FRANÇAIS, page 115
454
Кыргызча
Киришүү
Маанилүү коопсуздук маалыматы
Эскертүүлөр
Сатып алууңуз менен куттуктайбыз жана Philips'ке кош
келиңиз! Philips сунуштаган колдоо кызматын толугу
менен пайдалануу үчүн өнүмүңүздү
www.philips.com/welcome сайтында каттаңыз.
Өнүмдү анын багытталган максаты менен колдонуңуз.
Өнүмдү, анын батарейкалар менен кошумча
жабдууларын колдонуу алдында ушул маанилүү
маалыматты кылдат окуп чыгыңыз жана кийинчерээк
колдонуу үчүн сактап коюңуз. Туура эмес колдонуу
зыянга же олуттуу жаракат алууга себеп болушу
мүмкүн.
-
Philips WAA1001, WAA2001, UL же коопсуздугу
ырасталган, киргизүү мүнөздөмөлөрү (100–240 V~;
50/60 Hz; 3,5 W) жана чыгаруу мүнөздөмөлөрү (5 V
DC; 2,5 W) болгон эквиваленттүү адаптерлер
менен гана кубаттаңыз. Адаптерлердин тизмесин
www.philips.com/support сайтынан караңыз.
-
Кубаттагычты суудан алыс кармаңыз.
-
USB кубаттагычты туташтыруудан мурун кармагыч
толугу менен кургак экенин текшериңиз.
-
Шайманды балдар жана физикалык, сенсордук
жана акыл-эс жагынан чектелген же тажрыйбасы,
ошондой эле билими жок адамдар бирөөнүн көз
алдында же түзмөктү коопсуз жол менен
пайдалануу тууралуу нускамалар менен жана боло
турган коркунучтарды түшүнсө колдоно алышат.
Балдар шайманды чоңдордун көзөмөлүсүз тазалап
же тейлебеши керек.
-
Балдар өнүм менен ойнобогонун камсыз кылуу
үчүн балдарды карап туруу керек.
-
Philips шайманынын түпнуска аксессуарларын же
керек-жарактарын гана колдонуңуз. UL (2-класс)
же эквиваленттүү бекитилген 5 V DC адаптери
(IPX4 же андан жогору) менен бирге гана USB
кубаттагычты колдонуңуз.
Кыргызча

Publicité

loading

Ce manuel est également adapté pour:

Sonicare 4000 serie